Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

12 Ekim 2020 20:29

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 298 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 49 миң 528 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 127, жалпы 44 миң 522 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Aкыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Ушуну менен оорудун көз жумгандардын саны 1090 кишиге жетти.

Учурда  3 миңдей киши дарыланууда. 

Жаңылыктар