Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

14 Ekim 2020 22:11

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 330 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 50 миң 201 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 172, жалпы 44 миң 884 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Акыркы суткада коронавирус 2 адамдын өмүрүн алды. Ушуну менен оорудун көз жумгандардын саны 1094 кишиге жетти.

Азыркы тапта өпкөнү сезгенткен оорудан 3000дей киши дарыланууда. 

Жаңылыктар