Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

16 Ekim 2020 12:59

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 431 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 51 миң 20 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 208, жалпы 45 миң 288 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Акыркы суткада коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды. Ушуну менен оорудун көз жумгандардын саны 1103 кишиге жетти.

Азыркы тапта өпкөнү сезгенткен оорудан 3000ден ашык киши дарыланууда. 

Жаңылыктар