Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

20 Ekim 2020 12:38

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 482 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 52 миң 526 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 127, жалпы 45 миң 863 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Oорудун көз жумгандардын саны 1111 кишиге жетти.

Азыркы тапта өпкөнү сезгенткен оорудан 5058 киши дарыланууда.

Жаңылыктар