Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

21 Ekim 2020 16:03

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 384 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 52 миң 910 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 267, жалпы 46 миң 139 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 2 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1113 кишиге жетти.

18-марттан бери 383 миң тест алынды. 

 

Жаңылыктар