Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

21 Ekim 2020 16:03

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 549 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 53 миң 459 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 305, жалпы 46 миң 444 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 5 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1118 кишиге жетти.

Учурда 5 миң 408 бейтап дарыланууда.

Жаңылыктар