Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

27 Ekim 2020 13:21

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 568 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 56 миң 738 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 380, жалпы 48 миң 223 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 2 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1136 кишиге жетти.

Учурда 6 миң 582 бейтап дарыланууда.

Жаңылыктар