Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

29 Ekim 2020 14:09

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 522 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 57 миң 798 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 460, жалпы 49 миң 97 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 1 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1138 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 444 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 580 киши дарыланууда.

Ооруканалардагы 93 бейтаптын абалы өтө оор болсо, 878 бейтаптыкы орточо оор. Ал эми 2396 бейтаптын абалы канааттандыраарлык. 

Жаңылыктар