Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

02 Kasım 2020 13:40

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 436 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 59 миң 879 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 332, жалпы 50 миң 741 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 5 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1155 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 441 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 941 киши дарыланууда.

Жаңылыктар