Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

03 Kasım 2020 16:56

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 400 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 60 миң 279 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 547, жалпы 51 миң 288 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 4 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1159 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 889 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 336 киши дарыланууда.

Жаңылыктар