Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

04 Kasım 2020 13:33

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 495 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 60 миң 774 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 527, жалпы 51 миң 815 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 4 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1163 кишиге жетти.

 

Жаңылыктар