Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

05 Kasım 2020 13:19

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 535 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 61 миң 309 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 528, жалпы 52 миң 343 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 4 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1167 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 430 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 746 киши дарыланууда.

Жаңылыктар