Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

09 Kasım 2020 12:54

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 571 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 63 миң 390 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 406, жалпы 54 миң 358 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 5 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1182 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 457 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 737 киши дарыланууда.

Жаңылыктар