Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

10 Kasım 2020 13:34

Кыргызстанда cоңку суткада 2255  лабараториялык тест алынып, коронавирус жуккан 570 жаңы учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 63 миң 390 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 4"6, жалпы 54 миң 774 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 3 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1185 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 444 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 892 киши дарыланууда.

Жаңылыктар