Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

12 Kasım 2020 22:03

Кыргызстанда cоңку суткада 2851 лабараториялык тест алынып, коронавирус жуккан 400 жаңы учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 64 миң 360 адамга жетти.

Соңку бир суткада 3 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1188 кишиге жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 532 , жалпы 55 миң 306 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 347 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 850 киши дарыланууда.

Жаңылыктар