Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

12 Kasım 2020 22:05

Кыргызстанда cоңку суткада 2851 лабараториялык тест алынып, коронавирус жуккан 527 жаңы учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 64 миң 887 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 518, жалпы 55 миң 824 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Соңку бир суткада 5 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1193 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 322 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 874 киши дарыланууда.

Жаңылыктар