Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович пневмониядан каза тапты.

13 Kasım 2020 14:06

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркум пневмониядан каза тапты.

2011-жылдан 2019-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын өтөгөн Исаков, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. 

Ал арада Кыргызстанда cоңку суткада  коронавирус жуккан 567 жаңы учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 65 миң 454 адамга жетти.

Соңку бир суткада 2 киши кайтыш болду. Oорудан көз жумгандардын жалпы саны 1195 кишиге жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 483, жалпы 56 миң 307 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 347 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 916 киши дарыланууда.

Жаңылыктар