Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус жуктурган учурлар кайрадан көбөйүүдө

Кыргызстандагы кырдаал

11 Eylül 2020 13:14

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 77 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ущуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 761 адамга жетти.

Cутка ичинде 144 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 631гe жетти.

Соңку бир суткада оорудан каза тапкандар катталган жок.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 165 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 514 бейтап дарыланып жатат.

Ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен туруктуу авиакаттамын жанданта турган болууда. Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамын калыбына келтирген болчу.

 

Жаңылыктар