Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны

Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү.

19 Ağustos 2021 18:48

Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, бул жолугушуу дүйнөлүк коомчулук коңшу Афганистандагы окуялардын тездик менен өнүгүүсүнө кооптонуу менен көз салып, аймактык коопсуздукка тийиштүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатат.

«Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табийгат кырсыктары мүнөзүндөгү ар кыл өзгөчө кырдаалдар орун алууда. Айрым убактылуу турукташууга жана өлкөлөрдөгү жапырт вакцинациялоого карабастан, COVID-19 байланыштуу жөнөкөй эмес эпидемиологиялык кырдаал сакталууда. Буга катар биздин Бирликтин биргелешкен аракеттери жана өз-ара колдоо көрсөтүү аркалуу жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат деп ишенем», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында кабыл алынган чечимдер Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялашууга мыкты түрткү берерине ишеним билдирди.

20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20 ашуун маселе камтылган.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар