485

Гази Хүсрев Бей медресеси жана китепканасы 485 жылдыгын белгиледи

Осмон султандарынын бири II Байезиддин небереси Гази Хүсрев бей тарабынан Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо салынган Гази Хүсрев бей медресеси жана китепканасы 485 жылдыгын белгилөөдө.

07 Ocak 2022 19:00

Гази Хүсрев Бей медресеси

1537-жылдын 8-январында салынып бүткөн медресе учурда Босния жана Герцеговинадагы эң престиждүү лицейлердин бири. Босния жана Герцеговинанын эң эски билим берүү мекемеси катары таанымал.

Гази Хүсрев Бей медресесинин бүтүрүүчүсү Мустафа Спахичтин билдирүүсүнө караганда Гази Хүсрев Бей медресеси Балкан чөлкөмүндөгү эң эски билим берүү мекемеси болуп эсептелет. Бул окуу жайдан көптөгөн академиктер чыккан. Алардын катарында ыйык Куранды которгон Бесим Коркут жана «1001 түн» жомокторун араб тилинен которгон Эсад Дуракович да бар.

Медреседе билим берүүгө эч нерсе тоскоол боло алган эмес. Атап айтканда медреседеги билим берүү коммунисттик Югославия мезгилинде да улантылган. 1992-1995-жылдардагы Босния согушунда да каалгасы жабылган эмес.

Медреседе билим берүү англис, түрк, араб, фарсы тилдеринде жүргүзүлөт.

Гази Хүсрев Бей Китепканасы

Китепкананын директору Осман Лавичтин маалыматына караганда тарыхый китепкана 1537-жылы негизделген. Китепкан 1863-жылга чейин медресенин ичинде болгон.  1863-жылы губернатор Топал Осман пашанын буйругу менен Гази Хүсрев Бей мечитинин мунарасынын жанына атайын имарат курулуп, китепкана көчүрүлгөн. 1992-жылы Босния согушу башталган учурда, китепканадагы эмгектер жашыруун жерге көчүрүлүп, сакталган.

2014-жылы Катар өкмөтүнүн жардамы менен азыркы имараты салынган. Китепканада түрк, араб, фарс, босния жана европалык тилдерде басылган китептер, кол жазмалар, журналдар жана документтер сакталуу. Чыгыш адабияты, тарых, философия, логика, медицина, математика, ветеринария, астрономия сыяктуу тармактар ​​боюнча 10 миң 585 кол жазма бар. Ислам илимдери боюнча 20 миңге жакын эмгек бар.

Китепкананын курулушу Сараевону мегаполистеринин катарына кошкон негизги фактор болгон.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Гази Хүсрев Бей медресеси жана китепканасы,

Жаңылыктар