Гур Амир күмбөзү– Тимурийлер архитектурасынын бермети

Тимурийлер архитектурасынын манилүү үлгүсү деп эсептелген Гур амир күмбөзү  Самарканд шаарындагы маданий балуулуктардын катарын толуктайт.

29 Mayıs 2021 12:37

 

Орто Азия архитектурасынын эң сонун эстеликтеринен Гур-амир күмбөзү 1403-жылы салына баштаган. Имараттын курулушу 1424-жылы бүткөн.

Күмбөзгө алгач Тимурдун небереси Мухаммед-Султандын сөөгү коюлган. Кийин Амир Тимур каза болгондо анын сөөгү да аталган жайга көмүлүп, күмбөз, Гур-амир (өкүмдардын күмбөзү) деп аталып калган.

Мында Тимур Көрөгөн, анын уулдары, алардын неберелери коюлган. Ошондой эле Тимурдун даанышманы Сайид Берекенин сөөгү көмүлгөн.

Гур-амирдин архитектуралык формалары бири бирине шайкеш, санжыргалуу, салабаттуу жана кооз. Сыртында аят жана хадистер жазылган.

Күмбөз Улугбектин тушунда кеңейтилген.

Комплексте медресе жана мечит орун алган.

Чыгыш архитектурасынын негизги үлгүлөрүнүн бири болгон Гур-амир күмбөзү бүгүнкү күндө туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

 

Anahtar Kelimeler: Тимурийлер, Гур Амир күмбөзү, Самарканд,

Жаңылыктар