Ибн Сина  – медицинанын өкүмдары

Ибн Сина атагы алыска кеткен медицина кызматкери, визик, жазуучу, философ жана окумуштуу болгон.

08 Nisan 2022 22:18

Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн Сина 980-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Афшана айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 10 жашка чыга электе эле Куранды жаттап, логикадан сабак алып, грек тилин үйрөнгөн. 14 жашка келгенде өзүнүн устат жана мугалимдеринен алдыга озуп кеткен.16 жашка чыкканда медицина илимина киришкен жана жаңы ачылыштарды жасоо менен биргеликте даарылоо иштерин баштаган. 19 жашында доктор катары акысыз даарылоо ишин жүргүзгөн.

Ибн Сина, эмирдин уулунун коркунучтуу оорусун айыктырганы үчүн анын жанында бирге иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.Бул ийгилигинин аркасы менен Саманийлердин улуттук китепканасына кирүүгө уруксаат алат. 

Медицина, философия, химия, астраномия жана адабият тармагында эмгектерди жазган. Бирок көбүнчө дарыгер катары таанымал.

Медицина тармагында жазган «Медицина мыйзамдары» аттуу китеби Европа университеттеринде 17-кылымдын ортолоруна чейин негизги булак катары колдонулган.

Батыш элдерине орто кылымдагы заманбап илимдин негиздөөчүсү жана атактуу даарыгер катары таанымал болгон.

Anahtar Kelimeler: Ибн Сина,

Жаңылыктар