Ичан-кала (ички калаа, чеп, шаар) – Хиванын жүрөгү

Азыркы учурда тарыхый чепте 2600 киши жашайт

23 Mayıs 2021 12:52

 

Тарыхый тамыры терең болгон Хива шаары Хорезм аймагынын бермети катары таанымал. Тарыхый  шаардагы эстеликтер бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калган. Тогуз жолдун тоомунда, Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкан шаар кудум ачык асман алдындагы музейди элестетет.

Байыркы шаардагы көз жоосун алган кооздуктардын бири – «Ичан-Кала» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругу.

Ичан-Кала деген эмне?

Байыркы Хивада шаар эки бөлүккө бөлүнгөн.

  1. Дишан-Кала (тышкы шаар)
  2. Ичан-Кала (ички шаар)

Бүгүн Ичан-Кала ачык асман алдындагы музей. Бул шаардын эски бөлүгү, дубал менен курчалып, Мамлекеттик тарыхый археологиялык музейге айландырылган. 26 гектар аянттагы кең аймакта чыгыш шаардын экзотикалык элеси сакталып калган. Тарыхта көптөгөн кол салууларга дуушар болгонуна карабастан олутту зыян тарткан эмес. Бирок баарынан таң калыштуусу, Ичан-Калада азыр да адамдар жашайт.

Ичан-Калада 54 тарыхый имарат жана 360 үй бар.

Бул жерден тарыхтын уникалдуу эстеликтерин көрүүгө болот.

Ичан-Кала шаарын курчап турган чопо дубалдын узундугу 2000 метрден ашык. Дубалдын бийиктиги 8 метр, калыңдыгы 5 метр.

Төрт дарбазасы бар:

  1. Бакча дарбазасы
  2. Пелван дарбазасы
  3. Таш дарбазасы
  4. Ата дарбаза. 

 

Anahtar Kelimeler: Хива, Ички шаар,

Жаңылыктар