05 Haziran 2021 01:15
Шаардын чок ортосунда жайгашкан тарыхый Ичери-Шехер бүгүнкү күндө Бакунун маданий борбору болуп саналат. Ичери-Шехер Каспий деңизинин жээгинде жайгашып, 22 гектар аянтка салынган. Жергиликтүү тургундар Ичери-Шехерди Бакунун бермети деп аташат. Эл оозунда «Эски Баку» деп да аталып жүрөт.
Кыз мунарасы жана Ширваншахтардын сарайы сыяктуу көптөгөн тарыхый эстеликтер Ичери-Шехерде орун алган.
Ичери-Шехердин тарыхы палеолит доорунан башталат. Шаарда бир катар маданияттардын изин кездештирүүгө болот.
Шаардын чар тарабы тарыхый чеп менен курчалган. XII кылымда салынган чептин бийиктиги 27 метр. Анын 5 дарбазасы бар.
Ичери-Шехердин таштак көчөлөрү тар келип, кудум лабирентти элестетет. Ал эми иматтар кооздугу, уникалдуулугу менен айырмаланат.
Ичери-Шехер бүгүнкү күндө жергиликтүү жана чет элдик туристер көп барган тарыхый аймактардын бири. Сувенирдик дүкөндөрдүн көпчүлүгү ушул жерде жайгашкан.
Ичери-Шехер, анын ичиндеги Кыз мунарасы жана Ширваншахтардын сарайы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Anahtar Kelimeler: Ичери-Шехер, Баку, Азербайжан,