Ифтар дасторконунда йөрүк салты

Бийик тоолордогу чатырларда жашаган йөрүктөр Рамазан айына өзгөчө маани беришет.

15 Nisan 2022 11:35

Йөрүктөр ифтар дасторкондоруна ири маани берип, өтө кылдат даярдашат. Бийик Торос тоолорун мекендеген йөрүктөрдүн ифтар дасторконунун көркүн ундан жасалган даамдар, кешкек, көмбе, бурма, булгур палоо, кургатылган эт жана ар кыл суусундуктар чыгарат.

Булгур палоо алоолонгон очоктун үстүндөгү кара казанда бышырылса, кешкек даамы жаргылчакта жанчылган буудайдан жасалат. Сары май, ун жана туздун кошулмасынан жасалган аш, кургак мөмөлөр кайнатылып даярдалган суусундук, кургатылган эттен жасалган даамдар, сыр жана жашылчалардын аралашмасынан даярдалган «бүкме», койдун сүтүнөн уютулган айран жана эчкинин сүтүнөн даярдалган сыр дасторконго өзгөчө көрк кошот.

Anahtar Kelimeler: ифтар, Йөрүк,

Жаңылыктар