Имам аль-Бухаринин күмбөзү жайгашкан уникалдуу комплекс

Эбегейсиз уникалдуу архитектуралык комплекс кооздугу менен суктандырат

07 Ocak 2022 19:35

Имам Исмаил аль-Бухари - белгилүү хадис аалымы.  Белгилүү аалым 20-июль 810-жылы Бухара шаарында туулган.

Аль –Бухарий (р.а) өтө уят-сыйыттуулугу, эр жүрөктүүлүгү, марттыгы, такыбалыгы, бул жалган дүйнөгө көңүл коштугу, акырет дүйнөсүнө умтуулусу менен айырмаланат. Ал хадис аалымдарынын устаты катары таанымал.

Имам Бухаринин күмбөзү Самарканд облусунун Хожа Исмаил айылында жайгашкан. Ал жерде күмбөз менен катар мечит курулуп, чынар көчөттөрү отургузулган.

Күмбөз Советтер Союзу мезгилинде кароосуз калган. Бирок Өзбекстан эгемендүүлүгүн өз колуна алган соң эбегейсиз уникалдуу архитектуралык комплекс курулган. Долбоорго Самарканд, Ташкент, Бухара, Хива, Шахрисабз, Андижан, Кокон жана Наманган шаарларынын мыкты куруучулары жана кол өнөрчүлөрү катышкан.

Бүнгүнкү күндө күмбөздү да камтыган комплекс зыяратчылар көп келген жайлардын катарын толуктайт.

Anahtar Kelimeler: Имам аль-Бухаринин күмбөзү,

Жаңылыктар