Ислам дининдеги ыйык түндөр

Ыйык, касиеттүү түндөр Ислам дининде урмат кылына турган түндөр болуп эсептелет. Бул түндөр эмне үчүн маанилүү? Кандай ибадат кылуу керек? Кененирээк төмөндө окуңуздар.

04 Şubat 2022 19:09

Ислам дининде Аллага ибадат кылуу үчүн ыйык күндөр жана түндөр бар.

Эл арасында «касиеттүү үч айлар» деп аталган Ражаб, Шабан жана Рамазан айларындагы Рагаиб, Мираж, Бараат жана Кадыр түн мусулмандар үчүн маанилүү түндөр болуп эсептелет. Ошондой эле Мавлид түнү Рабиуль-авваль айынын 11. жана 12. күндөрүнүн арасындагы түн болуп саналат.

Бул күндөрү мусулмандар көп ибадат, дуба жана тообо кылып, орозо кармап, садака берет.

Селжуктардан Осмон дөөлөтүнө мурас калган

Ыйык түндөрдү белгилөөнүн тарыхы терең. Түрктөр Селжук доорунан тарта ыйык түндөрдү белгилей башташкан.

Архивдик маалыматтарга таянсак, Осмон дөөлөтүнүн падышасы II Селимдин доорунда, ыйык түндөрү, мечиттер жарыктандырылып, мунараларында май чырак күйгүзүлгөн. Ошондон улам Анадолуда, ыйык түндөр, «май чырак түнү» деп аталып калган.

Ыйык түндөрдө суу таратылган

Осмон доорунда ыйык түндүн урматына таттуу токоч жасалган. Көчөдөн ары бери өткөндөргө чөйчөктөн суу таратылган.

Осмон дөөлөтүнүн эли кадыр түнгө жана мавлид түнүнө өзгөчө маани берген. Эл таза кийимдерди кийип, убактысынын көбүн мечитте өткөрүүгө кам көргөн.

Күнөөлөрдөн тазалануу-Ыйык түндөр

Түркиядагы Дин иштери боюнча Жогорку Кеңештин мүчөсү Идрис Бозкурт белгилегендей, касиеттүү түндөр Ислам дининде урмат кылына турган түндөр болуп эсептелет

 «Касиеттүү үч айларда мусулмандар башка айларга салыштырмалуу ибадат, намаз жана кайрымдуулук иштери менен көбүрөөк алектенет. Касиеттүү айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн арылуу жана ибадаттарды орундоо менен болот. Мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Рагаиб, Мираж, Бараат жана Кадыр түндөрү касиеттүү үч айлардын ичинде орун алган. Бул айлар күнөөлөрдөн арылуу айлары катары эсептелгендиктен, ибадат кылуу зарыл»

Ыйык түндөрдө эмне кылуу зарыл?

Ыйык, касиеттүү түндөр Ислам дининде урмат кылына турган түндөр болуп эсептелет. Аллаху таала пенделерине мээримдүүлүк кылып, кээ бир түндөрдү кадырлуу деп сыпаттап, ошол түндөрдө окулган дубалар менен тооболордун кабыл боло тургандыгын билдирди. Пенделеринин көп ибадат кылып, дуба жана тообо кылуулары үчүн ошол түндөрдү себеп кылды. Ыйык түндөр андан кийин келе турган күндүн аты менен аталат. Мындай түндүн убактысы алдындагы күндүн бешим намазы убактысынан ошол түндүн таңына чейин уланат. Бир гана Арапа жана үч Курман Айт күндөрүнүн түндөрү буга жатпайт. Бул төрт түн ушул күндөрдөн кийинки түндөр болуп саналат. Бул түндөрдү пайдасыз нерселер менен өткөрүп жибербөө зарыл. Башкача айтканда, каза намаздарын толуктап окуу, Курани карим окуу, дуба жана тообо кылуу, садага берүү, мусулмандарды кубантуу, бул ибадаттардан пайда болгон соопторду кайтыш болгон мусулмандарга да багыштоо керек. Бул түндөрдү баалап урматтоо күнөөлөрдөн тыйылуу менен жүзөгө ашат.

Мусулмандар үчүн ыйык түндөр

 

Рагаиб түнү

Ражап айынын алгачкы жумасынын түнү «Рагаиб түнү» деп аталат. Рагаиб түнүнүн касиети тууралуу түрдүү хадистерде билдирилген. Рагаиб «кечирим суроо» дегенди түшүндүрөт. Рагаиб түнү касиеттүү үч айлардын кабарчысы. Мухаммед пайгамбар (сав) бул ыйык түн туралуу төмөнкүчө деген:

«Аллахым, Ражап жана Шабанды бизге мубарак кыл жана бизди Рамазан айына жеткир»

Мираж түнү

Ражаб айынын 27-түнү. Мираж "тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн.

Бараат түнү

Бараат түнү Шабан айынын 15-чи түнү. Тафсирлерде Курани каримдин Лавх-ил-махфузга ушул күнү түшүрүлгөндүгү билдирилет.

«Кадыр түн миң айдан кайрылуу»

Ыйык Рамазан айы ичинде болгон касиеттүү түн. Кадыр түнү бул үммөткө тийиштүү. Башка пайгамбарларга мындай фазилаттуу түн берилген эмес. 

Куранда кадыр түн туралуу төмөнкүчө айтылат:

«Биз аны (Куранды) Кадыр түнү түшүрдүк. Кадыр түндүн маанисин билесиңби? Кады түн миң айдан кайырлуу».

Mавлид түнү

Мавлид бул туулган убакыт дегенди билдирет. Мавлид түнү Рабиуль-авваль айынын 11. жана 12. күндөрүнүн арасындагы түн болуп саналат. Пайгамбарыбыздын "саллаллаху алейхи ва саллам” туулган күнү, бардык мусулмандардын майрамы.

Anahtar Kelimeler: Ислам дини, ыйык түндөр,

Жаңылыктар