Ислам илими боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө

 «Борбор Азиядан Анадолуга чейин Ислам илимдери» аталыштагы эл аралык симпозиум өтүүдө.

05 Haziran 2021 00:52

Карабүк университети уюштурган онлайн форматтагы симпозиумга Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Татарстан, Афганистан, Азербайжан жана Ирандагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда.

Симпозиумдун алгачкы отурумунда сөз сүйлөгөн Карабүк университетинин ректору проф. д-р. Рефик Полат илимий симпозиумдун биримдикке салым кошооруна үмүт артып, илимий иш-чаранын жемиштүү жана ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Симпозиумга Кыргызстандан катышкан Ош мамлекеттик университетинин ректору проф. д-р. Кудайберди Кожобеков Кыргызcтан  менен Түркия ортосундагы мамилеге токтолду. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп Түркия тааныганын, андан берки 30 жыл аралыгында эки өлкө ортосунда экономикалык, социалдык, маданий, тил, тарых жана дин тармагында олуттуу кызматташуулар жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Кожобеков эки өлкө ортосунагы дин тармагындагы кызматташууга өзгөчө басым жасады. Анын айтымында тарыхта Борбордук Азия чөлкөмү диний илимдердин борбору болуп, нечендеген аалымдар чыкса,  бүгүнкү күндө диний илим жаатында Түркия дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт.

Кожобеков белгилегендей 2019-жылы Карабүк университети менен Ош мамлекеттик университети ортосунда өтө маанилүү меморандумга кол коюлган. Меморандум билим берүү жана илим жаатында өз ара кызматташтыкты кеңейтүүнү жана тажрыйба алмашууну көздөйт. 

Anahtar Kelimeler: Ислам илимдери, эл аралык симпозиум,

Жаңылыктар