Көк Төбө — Алматынын жүрөгү

Көк Төбө — Казакстандын мурдагы борбору Алматыдагы көрүнүктүү жайлардын бири. Көк Төбө телерадио мунарасы жана оюн-зоок борбору шаар тургундары жана туристтер көп каттаган жайлардын катарын толуктайт.

11 Şubat 2022 19:13

Көк Төбө телерадиоберүү мунарасы 1975-1983-жылдары курулган. Бийиктиги 371,5 метрге жеткен мунара Казакстандын эң бийик телемунарасы. Ошондой эле дүйнөдөгү эң бийик 14-мунаранын катарын толуктайт.

1984-жылдын октябрь айында мунарада өрт чыгып, анын кесепетинен көпкө чейин жабык турган.

2013-жылы Алматы муниципалитети Көк Төбөдө маданий-көңүл ачуу борборун куруу чечимин кабыл алган.

Бүгүнкү күндө Көк Төбө маданий оюн-зоок борбору меймандарга асма жол, зоопарк, сейил бактарды жана түрдүү ресторандарды сунуштайт.

Деңиз деңгээлинен 1130 метр бийиктикте жайгашкан борбор шаардагы көрүнүктүү жайлардын катарын толуктайт.

«Көк төбө» асма жолу

2017-жылы Казакстанда өткөн эл аралык ЭКСПО жарманкесинин ачылышына карата реставрацияланган асма жолдун узундугу 1620 метрди түзөт.

Асма жол меймандарды Көк-Төбө тоосуна алып барат. Аталган тоодон шаардын дээрлик бардык жерин алаканга салгандай көрүүгө болот.

«Нухтун кемеси» - экзотикалык жаныбарларды реабилитациялоо борбору

Оюн-зоок борборунда чакан зоопарк жана экзотикалык жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор жайгашкан.

Оюн-зоок борбору

Оюн-зоок борбору ар кыл көңүл ачуучу кызматтарды сунуштайт. Борбордо  оюн-зоок парктары, казак даамдарын жана дүйнөлүк ашкананын эң даамдуу үлгүлөрүн тартуулаган ресторан жана кафелер орун алган. Ошондой эле концерттер жана театралдык көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз уюштурулуп, Көк-Төбөгө көрк кошот.

Anahtar Kelimeler: Көк Төбө, Алматы, Казакстан,

Жаңылыктар