«Көлсай көлдөрү» -Казакстандын бермети

Алматы шаарынан 330 чакырым алыс жайгашкан «Көлсай көлдөрү»  кооздугу менен суктандырат.

11 Temmuz 2021 11:12

Казакстан ар түркүн кооз жерлерге бай өлкө. Алардын бири Алматыдагы Көлсай көлдөрү.

Көлсай көлдөрү - мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк.  Ал 7-февраль 2007-жылы Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен негизделген.   Аянты 161 миң гектар. 

Улуттук паркта кичинекей дарыялардын суусунан пайда болгон 3 көл бар. Алар, Жогорку Көлсай, Ортоңку Көлсай жана Төмөнкү Көлсай.

Аскалардын алдындагы жазы жалбырактуу токойлор, тоолор жана шалбаалар менен курчалган бул көлдөр  жаратылышынын кооздугу менен суктандырат. Улуттук паркта калктын эс алуусун пландуу уюштуруу жөнгө салынган.  Паркта сууда сүзүү, балык уулоо, жөө жана ат менен сейилдөө, кыш мезгилинде лыжа тебүү сыяктуу көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп турат.

Anahtar Kelimeler: Көлсай көлдөрү, Казакстан,

Жаңылыктар