Көөнө Үргөнч шаарындагы Султан Текештин күмбөзү

Султан Текештин күмбөзү Көөнө Үргөнч шаарынын борборунда орун алган.

10 Eylül 2021 17:25

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Түркмөнстан тарыхый жана маданий баалуулуктар бай өлкө. Түркмөнстандагы тарыхый шаарлардын бири – Көөнө Үргөнч шаары.

Үргөнч хорезмшахтардын тушунда гүлдөп-өнүккөн. Орто Азиянын эң маанилүү соода-экономикалык борборлорунун бири катары атагы алыска чыккан. XIII кылымда илим, маданият жана көркөм өнөрдүн борборуна айланган. Хорезмшахтардын тушунда Үргөнчтө көптөгөн имараттар курулган.

Шаар 1221-жылы моңголдор жапырыгында талкаланган. Шаар тонолуп, андагы имараттар, китепканалар өрттөлгөн.  Байыркы шаардан бүгүнкү күнгө Султан Текештин мүрзөсү жана айрым курулуштар гана келип жеткен.

Күмбөздүн качан салынганы жана архитектору ким болгону белгисиз. Анткен менен күмбөздү, XII кылымдын аягында Султан Алаеддин Текеш өзү салдырган деген божомолдор бар.

Мүрзө бышкан кыш менен тургузулган. Сырткы көрүнүшү жөнөкөй болгону менен уникалдуу архитектуралык курулуш болуп саналат.  

Табигый кырсыктардын жана согуштардын кесепетинен улам күмбөздүн баштапкы көрүнүшү өзгөрүүгө учураган.

Anahtar Kelimeler: Султан Текештин күмбөзү, Түркмөнстан,

Жаңылыктар