Көөнө түрк элдеринин «Көроглу» дастаны

Түрк тилдүү элдер арасында кеңири тараган, «Көроглу» дастаны   муундан-муунга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келе жатат.

23 Temmuz 2021 22:59

«Көроглу» дастаны түрк тилдүү элдердин адабиятынын руханий байлыгы болуп эсептелет. Түрк дүйнөсүнүн улуу мурасы — баа жеткис руханий байлыкка жатат. Дастан  эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүнүн бири болуп саналат.

Бул элдик дастан түрк, түркмөн, азербайжан, каракалпак, казак жана өзбек сыяктуу түрк тектүү элдерде кеңири таанымал. 

Дастан тарыхый окуяларды тулку боюна сиңирип, элдин каада-салтын, үрп-адаттарын, макал-лакаптарды жана улуттук оюндарды камтыйт.

Дастандын башкы каарманы  – эли-жерин сүйгөн, сүйүүнү туу туткан, жасаган иштери менен элге үлгү болуп ооздон-оозго айтылып калган баатыр болгон.

Көроглунун журту дастандын түркмөн вариантында Чандыбил, Азербайжан вариантында Ченлибил, казак вариантында Ченбил, түрктөрдө Чамлыбел деп аталат. Бул, эпостун тамыры бир экендигин далилдейт.

Элдик акындар оозеки чыгармачылыкта баа жетпес наркы бар Көрголу дастанын муундан муунга өткөрүп, жамактатып айтып келген.

Эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн катарын толуктаган Көроглу дастаны 2015-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий тизмесине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: «Көроглу» дастаны, Түрк дүйнөсүнүн улуу мурасы,

Жаңылыктар