Көп бөлүмдүү «Мавера» тасмасы Казакстанда көрсөтүлө баштайт

Кул Кожо Ахмет Ясавинин өмүр жолун чагылдырган «Мавера» тасмасы бүгүндөн тарта Казакстандын улуттук телеканалынан көрсөтүлө баштайт.

19 Nisan 2021 14:13

Түркия менен Казакстан ортосундагы маданий байланыш чыңдалып, андан ары өркүндөөдө. Дагы бир түрк сериалы чет өлкөдө көрсөтүлө баштайт. ТРТ каналы тарткан көп бөлүмдү «Мавера» тасмасы ыйык Рамазан айында Казакстандын улуттук телеканалы «Казакстан ТВ»ден көрүүчүлөргө тартууланат.

«Мавера» – жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий табериктеринин бири Ахмет Ясавинин өмүр жолуна арналган тасма.

«Мавера» сөзү «дүйнөнүн көзгө көрүнбөгөн жактары» деген манини түшүндүрөт.

Тасмада түрк дүйнөсүнө мусулманчылыктын чыныгы үлгүсүн көрсөткөн улуу инсан Кул Кожо Ахмет Ясавинин өмүр жолу чагылдырылган.

Учурда тасма ТРТнин 1-каналынан күн сайын 23:45те көрсөтүлүп жатат.

Тасма Доган Үмит Каражанын режиссерлугунда тартылган.

Башкы ролдордо Корел Жезайырлы, Гөркем Севиндик, Тансел Өнгел жана Синан Тузчу ойногон.

 

Anahtar Kelimeler: «Мавера», Казакстан ТВ, Кул Кожо Ахмет Ясави,

Жаңылыктар