Көрүнүктүү ойчул жана тарыхчы Юсуф Акчура

Орусияда мусулман түрктөрдүн укугун коргогон Юсуф Акчуранын жаркын элеси унутулбайт.

11 Mart 2021 22:38

Көрүнүктүү ойчул жана тарыхчы Юсуф Акчура 1876-жылы 2-декабрда Россиянын Симбир шаарында (Ульяновск) жарык дүйнөгө келген.

Кийинчерээк үй-бүлөсү менен Казанга көчүп барган. Атасы каза болгон соң энеси менен Казандан Стамбулга көчүп келген.

Стамбулдагы Аскер академиясында окуган.

1897-жылы төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн камакка алынып, өмүр бою эркинен ажыратылып, Осмон империясынын Триполи шаарына сүргүнгө айдалган.

1899-жылы Францияга качып, Париждеги «жон түрктөр» кыймылынын катарына кошулган.

Парижде саясий илимдер академиясында билим алган. 1903-жылы "Осмон империясынын мамлекеттик мекемелеринин тарыхый очерки" аттуу дипломдук ишин жактаган.

Россиядагы түрктөрдүн укугун коргогон

Акчура 1903-жылы Франциядан Россиянын Казан шаарына кайтып келип, мугалим болуп иштеген.

1908-жылга чейин Россиядагы гезит журналдарга макалаларын жарыялап, "Россия мусулмандары" саясий кыймылына катышкан. Саясий макалаларынан улам Орус администрациясынын кысымына туш болуп, 43 күн орус түрмөсүндө отурган.

Түрк ожагынын (очогу) негиздөөчүсү

1908-жылы Стамбул шаарына кайтып келип, "Түрк Юрду" журналынын башкы редактору катары эмгек жолун уланткан.

Түрк коомун жана түрк ожагын негиздеген. Ошол эле учурда Стамбул шаарында мугалимдик кесибин уланткан.

Россиядагы мусулман түрк элдерин коргоо комитетинин мүчөсү катары Швейцарияда өткөн Улуттар конференциясына катышкан.

1917-1919-жылдары Кызыл Жарым Айдын делегаты катыры Батыш Европа өлкөлөрүндө жана Россияда болгон.

1920-жылы Анадолуда тутанган Көзкарандысыздык Согушуна катышуу үчүн Стамбулдан кетип, Казым Карабекирдин штабында иштеген.

Түркия Республикасын түзүүгө салым кошкон.

Түркия Республикасы түптөлгөндөн кийин Мустафа Кемал Ататүрктүн жанында иштеген. Стамбул округунан шайланган депутат катары парламентке кирген.

Түрк тарых коомунун негиздеп, төрага болуп шайланган.

Акчура 1935-жылы 11-мартта Стамбулда көз жумган.

Акчуранын эмгектери

1904-жылы «түрк» журналында  «Саясаттын үч стили»  аттуу макаласы жарыяланган. Анда  «Осмонизм", "исламизм" жана "түркизм" саясий агымдарын талкуулаган. Аталган макала кийинчерээк түркизмдин манифести катары кабыл алынган.

Чыгармалары: "Саясаттын үч стили", "Али Кемал" жана "Ахмед Ферид", "Азыркы Европадагы саясий жана коомдук идеялар", "Саясат жана экономика жөнүндө макалалар”, “Осмон империясынын ыдырашы"," Түрк жылы"," Франсуа Джорджондун Aux Origines du Nationalisme Turcu"

Anahtar Kelimeler: Юсуф Акчура, Көрүнүктүү ойчул жана тарыхчы, Түрк ожагы (очогу),

Жаңылыктар