Көздүн жоосун алган Азербайжан килемдери

Муундан муунга өтүп келе жаткан килем токуу өнөрү Азербайжанда чоң роль ойнойт.

04 Mayıs 2021 22:35

Азербайжанда килем токуу өнөрү миңдеген жыл мурда жаралган жана жергиликтүү өзгөчөлүктө чоң роль ойнойт. Атагы алыска кеткен килем токуу өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Азербайжан килемдери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп, мамлекетке олуттуу киреше алып келет.

Азербайжан килемдери дүйнөдөгү ири музейлерде; анын ичинде Лондондогу Виктория жана Алберт музейлеринде, Вашингтондогу Метрополитан музейинде көргөзмөгө коюлган.

Бүгүнкү күндө мамлекет килем токуу өнөрүнө өзгөчө маани берип, колдоо көрсөтүп келгендиктен, килем токуу маанилүү тармакка айланды.

Бакудагы килем музейи

Баку шаарындагы Азербайжан килем музейинин эки атагы бар: архитектура жана дисплейлер. Сыртынан караганда, имарат түрмөктөлгөн килемге окшош, бул архитектура дүйнөсүндө өзгөчө.

Музейде Азербайжан килемдеринин уникалдуу өрнөктөрү көргөзмөгө коюлган. Күн сайын музейге ондогон турист келип, килем токуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат алып, тарыхый килемдерди көрүп кетишет.

Килем токуу өнөрү мектептерде үйрөтүлөт

Килем токуу өнөрү муундан муунга өтүп келе жаткан маданияттын өзүнчө тармагы катары көптөгөн мектептерде сабак катары окутулат.

Карабак килеми

Ар бир регион өзүлөрүнүн оймо-чиймелерин бир нече муундан берки салтка ылайыктап жасап чыгарышат. Алардын ичинен эң белгилүүсү Карабак килеми. Карабак килеми башка килемдерге салыштырмалуу чоңураак келип, түркүн түстөгү жиптер менен кооздолуп токулат.

Азербайжан килемине симметриялуу жайгаштырылган декоративдик элементтер мүнөздүү. Ошондой эле сүйүүнү, тарыхтагы кандайдыр бир окуяны, кайгы-муңду жана элдик адаттагы көчөттөрдү түшүрүү салтка айланган.

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан килеми,

Жаңылыктар