Качкар тоолору "хелиски" сүйүүчүлөрдү тосуп алып, туризмдин өнүгүүсүнө салым кошууда

Качкар тоолору Европага жакын жайгашып, карынын сапаты жакшы. Качкар тоолору жергиликтүү жана чет элдик лыжачылардын сүймөнчүгүнө айланган.

19 Mart 2022 20:14

"Хелиски" спорттун өтө кызыктуу түрлөрүнүн бири болуп саналат. Хелиски спортунда, спортчулар вертолет менен тоонун чокусуна чыгарылат да тоо ылдый лыжа тээп түшүшөт. Спорттун бул түрү дүйнөнүн саналуу гана борборлорунда бар.  Алардын бири Түркиянын Ризе облусунда жайгашкан. 

Түркия-Айдер хелиски авиация жана туризм ишканасы иштеткен борбор 2005-жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Борборду Түркия менен Швейцария биргелеше иштетет. 

Бул жылкы хелиски сезону 17-январда ачылды. Үстүбүздөгү жумада 22 спортчу хелиски спортунун кызыгына батуу үчүн Түркияга келди. 

Хелиски спорту адатта чет элдиктерди көбүрөөк кызыктырып, көбүн эсе качкар тоолоруна Европадан туристтер келет. 

Чет элдик меймандар  чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор, тоо ылдый аккан мөлтүр суулар, ар кыл токойлор, шалбаалар менен талааларга суктанып кайтышат. 

Anahtar Kelimeler: Качкар тоолору, "хелиски",

Жаңылыктар