2022-2

«Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунда «Байрактар ТБ-2» колдонулду

Машыгууда КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту.

31 Mart 2022 19:58

Президент,өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» окуу борборунда болуп, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунун активдүү фазасына көз салды.

«Калкан-2022» машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.

Машыгууларда КР УКМК Чек ара кызматынын атайын түзүмдөрү жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын түзүмдөрү мамлекеттик чек араны кесип өткөн (жырып өтүү) мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча жөндөмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүштү.

Сунушталган машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу жагдайга болушунча жакындатылган. Атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту.

Машыгуулар күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүдө чек ара отрядынын башкаруу органдарынын, бөлүктөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү күч түзүмдөрүнүн ырааттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бул машыгуулар Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө багытталган.

Жаңылыктар