Калпак–ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк

Тоолордун ак карлуу чокуларын элестеткен ак калпак–кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

23 Temmuz 2021 22:59

Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим.

Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Калпак илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.

Кыргызда калпакты жерге таштоого болбойт.

Ээси ар дайым таза кармап жүрүүсү керек.

Калпакты ар дайым бут жагына эмес, баш жагыны коюу зарыл.

Ак калпак, тоолордун ак карлуу чокуларын элестетип турат.

2011-жылдан бери 5-март «Ак калпак» күнү катары белгиленип келет.

Anahtar Kelimeler: Калпак, Кыргызстан, улуттук мүлк,

Жаңылыктар