«Кандуу Январь»-Азербайжан мамлекетинин көз карандысыздыгынын бурулуш учуру

Азербайжан эли 1990-жылдын 20-январында Баку жана башка шаарларда советтик армия тарабынан ишке ашырылган кыргындан курмандыктарын эскерүүдө.

20 Ocak 2022 16:31

«Кандуу Январь» окуясы ишке ашкан күндөн бери 32 жыл өттү. Азербайжан эли кыргындын курмандыктарын эч качан унутпай, жүрөгүнүн түпкүрүндө сактайт.

Кандуу январь окуялары СССРдин ыдырашына алып келген окуялардын бири болуп, Азербайжандыктардын көз карандысыздык сезимин ойготкон.

Окуялардын түпкүрүндө Тоолуу Карабак маселеси болгон.

1980-жылдардын аяк ченинде, армяндар, Тоолуу Карабакты Азербайжандан ажыратууну көздөп, бул жааттагы аракеттерин кеңейте баштаган. 1989-жылдын декабрь айында Армян Советтик Республикасынын Жогорку Совети Тоолуу Карабакты Арменияга кошуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Азербайжан эли, бул чечимге каршы чыгып, жүз миңдеген жаран Баку шаарында нааразылык акциясына чыккан. Бакуга агылган эл, армяндардын зулумчулдугуна жана Совет баскынчылыгына каршы чыгышып, Азаттык майданына чогулушкан. Митингдер үзгүлтүксүз уланып, бул абал, советтик администрациянын тынчын ала баштаган. Натыйжада Совет өкмөтү Бакуга жоокерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Азербайжан эли армиянын жолун буу үчүн шаардын кире беришине топтоло баштаган.

1990-жылдын 19-январында советтик чалгынчылар Азербайжан телевидениесинин энергетикалык камсыздоочусу бөлүгүн жардырышкан. Кечке маал 26 миң аскерден турган советтик армия бронетехника менен 5 тараптан Бакуга кирип келип, аларга тоскоол болууга аракет кылган карапайым элди кыргынга учураткан. Танктар жана катуу бронетранспортёрлор адамдарга багытталып, тез жардам унааларына ок атылган. Каргашалуу түндө Баку шаарында 130 жайкын тургун каза тапкан.

Советтик армия Нефтчала жана Ленкаран сыяктуу башка облустарда да кыргынды улантып, жалпысынан 147 азербайжандык 20-январдагы кыргындын курмандыгы болгон. 744 киши жарадар болуп, болжол менен 400дөй киши кармалган.

Ошентип шаар толугу менен Советтик армия тарабынан көзөмөлгө алынып, Бакуда өзгөчө кырдаал тартиби жарыяланган. Бирок эл кайрадан көчөгө чыгып, шейиттерди жерге берүү зыйнатын өткөргөн. Курман болгондордун сөөктөрү «Шейиттер Хыябаны» көрүстөнүнө коюлуп, алар менен коштошуу зыйнатына 1 миллиондой адам катышкан.

 Бул кандуу күн, ар бир Азербайжандыктын жүрөгүнүн түпкүрүндө кала берет. Бул күнү, Советтик армиянын аскерлери, эркиндикке суусап турган жүздөгөн бейкүнөө жаранды кыргынга учураткан.  Бакуга кирип барган Советтик армия, көз карандысыздык үчүн күрөшкөн элдин канын агызып, үрөй учурган окуяны ишке ашырган. Бул күнү, бир катар жарандар, ата-мекен үчүн көз жумган. Бирок Кызыл армиянын күчү Азербайжан элинин көзкарандысыздык үчүн күрөшүнө бөгөт кое алган эмес. Эл, өлкөнүн баардык тарабында көтөрүлүп, Москвага каршы тиренген.  Ошентип көз карандысызыкка карай улуу күрөш башталган.

Андан бери 32 жыл өтсө да Азербайжан эли курмандыктардын жаркын элесин  эч качан унутпайт.

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, «Кара Январь»,

Жаңылыктар