Кара деңиздин жээгиндеги байыркы түрк мекени: Крым

Крым Азов деңизинин жээгиндеги калк байыртадан эле отурукташкан аймак.

10 Aralık 2021 18:10

Крым - Украинанын Крым жарым аралында жайгашкан. Кара деңиздин жээгиндеги калк байыртан эле отуракташкан аймак.

Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка жана батыштан чыгышка карай тоо кыркалары созулат. Аймак суу ресурстарына бай. Тоо кыркаларынан жүздөгөн дарыя агат. Тоо этектеринде Бахчесарай, Акмесжид жана Карасубазар сымал тарыхый шаарлар жайгашкан.

Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1 миң жылдыкта таврлар, 8–9-кылымдарда скифтер отурукташкан.

Жарым аралды түрк тилдүү уруулар б.з. 7-к. (хазарлар, болгарлар жана башкалар), андан соң печенектер, 10-к. кыпчактар өздөштүрө башташкан. 12-к. Алтын Ордонун курамына кирет. Мамлекеттин калкынын негизин кыпчак тилдүү уруулар түзгөн.

Крым Осмон империясына вассалдык көз каранды абалда болгон

Кубан, Азов жана Дон дарыяларынын боюнда түрк уруулары отурукташкан. 13-кылымдан тарта Анадолу менен экономикалык байланыштары күчөгөн.

1443-ж. Кырым хандыгы негизделип, 1477-ж. 1778-ж. чейин Осмон империясына вассалдык көз каранды абалда болгон. Бул жылдары Крымдын шаарлары өсүп-өнүккөн. Бир нече тарыхый имараттар салынып, түрк-ислам маданиятынын борборуна айланган.

Бахчесарай, Акмесжит, Кезлев...

Бахчисарай шаарын элдер байыртадан эле байырлап келишкен. Ар бир доор өзүнүн мурастарын калтырып, Бахчисарай шаары ачык асман алдындагы чыныгы музейге айланган.

Бахчисарай шаарын Крым жарым аралынын жүрөгү деп атаса болот. Шаар жайгашкан аймак XVI кылымга чейин жашыл токойлуу, мөлтүр сууларга жана булактарга бай аймак болгон. Алтын Ордо мамлекетинин башчылары жана Крым хандары бул аймакка жайкысын келип эс алып, аңчылык кылып турушкан.

Кийи Бахчисарайга Хан сарай салынган. Андан көп өтпөй башка имараттар да курула баштаган. Шаар Чүрүксу өрөөнүн бойлото улам кеңейип, өнүгүп отурган.

Жүзүмзарлары менен белгилүү болгон Акмесжит ханзаадалардын шаары  болгон.

Кезлев болсо манилүү порттуу шаар.

Россия империясына кошулган

Түрктөрдүн мекени болгон Крым 1783-ж. Россия империясына кошулган. Россия Крымды слав тектүүлөрдүн өлкөсүнө айландырууну көздөп, жарым аралга славян улутундагылар көчүп келе баштаган.

Россия мусулман Крым татарларынын аралда каалышын каалабай, түрк-ислам эмгектерин акырындык менен жогото баштаган. Бир катар жерлердин аты алмаштырылган. Алсак Акмесжит шаары-Симферополь, Кезлев-Эвпатория, Кефе-Федосия болуп алмашкан. Крым татарларынын деңиз базасы "Севастополь" деп аталган.

17-майдан 18-майга караган түн

1944-жылдын 17-майдан 18-майга караган түнү Советтик аскерлер, крым татарларын уктап жаткан жеринен ойготуп, мал жүктөлчү вагондорго салып, Орто Азия жана Сибрияга сүргүнгө айдаган. Сүргүнгө айдалган 250 миңге жакын адамдын жарымы, катаал шарттарга чыдабай, жолдо көз жумган.

Ата-мекенге кайттуу мүдөөсү

Крым татарлары 1944-жылдан тарта эле ата-мекенине кайтууга аракет кылышкан. 1987-жылдан Кырым татарлары мекенине кайта башташкан. СССР ыдыраганда Крым, Украинага караштуу Автономдуу Республика болуп түзүлгөн.

2014-жылы Орусия аннекциялап алган

Орусия 2014-жылы жазында Крымды аннекциялап алганда Крым татарлары дагы бир ирээт репрессия саясатына дуушар болушту. Миңдеген крым татарлары орус администрациясынын кысымынан улам жарым аралды таштап кетүүгө аргасыз болушту. Жарым аралда азыркыга чейин крым татарларынын үйлөрү, мечиттери жана бала бакчалары тинтилип, камоолор уланууда.

Тарыхый имараттар

Крымда маанилүү тарыхый эстеликтерге бай. Селжук жана Осмон доорунда бир катар мечиттер, медреселер, күмбөздөр, турак-жайлар, фонтандар, көпүрөлөр курулган. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган тарыхый имараттар булар: Өзбек Хан мечити жана медресеси, Султан Бейбарыс мечити, Зинжирли медресеси, Кезлеведеги Хан мечити, Хажы Гирайдын күмбөзү.

Хан сарай

Крым аймагындагы Хан сарай түрк-ислам маданиятынын манилүү эстелиги. Аны Стамбул шаарында Топкапы сарайынын көчүрмөсү десек болот. Менгли Гирай Хан 1532-жылы салдырган. Сарай Кырым Хандыгынын административдик борбору катары колдонулган. Анын ичинде Хан мазары, Хань мечити, жайкы бак, Гарем жана Көз жаш фонтаны сыяктуу курулуштар бар.

Кезлевдеги жума мечити

Маалыматтарга караганда тарыхый мечитти Кырым Ханы I. Девлет Гирай 1552-жылы салдырган. Айрымдары мечиттин архитекору катары Мимар Синанды аташат. Бирок бул такталган эмес.

Жума мечити Стамбулдагы Фатих мечитине окшош.

Көптөгөн тарыхый окуяларга күбө болгон мечит, Крым татар элинин кайгы муңунун эң маанилүү күбөлөрүнүн бири.

Anahtar Kelimeler: Крым,

Жаңылыктар