Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрдү

Нарында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жолду тосуп калган. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

15 Eylül 2020 23:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын облусунун Дыйкан - Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымындагы жер көчкүдөн каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда Нарында "Дыйкан – Кара-Кече" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жолду тосуп калган. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Министрликтен билдиришкендей, өкмөт башчынын тапшырмасы менен кечээ күнү окуя жерине транспорт министринин, өзгөчө кырдаалдар министринин, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчилеринин орун басарлары чыгып кетишкен.

"Алар келтирилген зыяндын өлчөмүн, айланма жолдун ордун аныкташат. Болжолдуу узундугу 3,5 чакырым болгон айланма жолдуу куруу үчүн Ат-Башы, Талас жана Ысык-Көлдөн атайын техника тартылууда. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкүнүн көлөмү 2 млн метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калган. Жер көчкүнүн жылышы токтогон жок. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол жабылган", - деп билдирет министрлик.

Жаңылыктар