Каракалпакстан көркөм өнөр музейи

Каракалпакстан Мамлекеттик көркөм өнөр музейи 1966-жылы негизделген

24 Haziran 2022 22:10

Каракалпакстан көркөм өнөр музейи Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасынын Нукус шаарында жайгашкан.

Музейде каракалпак түрктөрүнүн маданиятын, жашоо турмушун чагылдырган бир нече экспонаттар көргөзмөгө коюлган.

Музей үч бөлүмдөн турат: археология, этнография жана сүрөт искусствосу.

Музейдин жалпы аянты 6,9 миң чарчы метр.

Каракалпакстан көркөм өнөр музейинде 100 миңден ашык эмгек сакталуу.

Музейдеги эң баалуу буюмдар, булар, биринчи жана орто кылымдарга таандык. Алар, Хорезм жана Каракалпакстан аймактарынан алынган кол өнөрчүлүк, кийим-кече ж.б. эмгектер.

1920-1930-жылдарга таандык сүрөттөр да өзгөчө баалуу.

Музей Эл аралык музейлер комитетине мүчө.

«Гардиан» гезити аталган музейди «дүйнөдөгү эң сонун музейлердин бири» деп тапса, «Нью-Йорк Таймс» журналы «музейди сөссүз кыдырууну» сунуштаган.

Жаңылыктар