Каракум оту - Түркмөнстандагы табышмактуу өрт

Туристтерди өзүнө таркан «Тозоктун дарбазасы»

16 Mayıs 2021 22:13

Жерде дээрлик 50 жылдан бери өрт өчпөй күйүп келе жаткан бир жер бар. «Тозоктун дарбазасы», «Дарваза кратери», «Каракум оту» жана «Каракум чөлүнүн жылдызы» деген атка конгон бул жер Түркмөнстандагы Каракум чөлүнүн чок ортосунда жайгашкан.

«Тозоктун дарбазасын» геологдор кокустук менен ачып алышкан.

1971-жылы бургулоо иштерин жүргүзүү учурунда  советтик геологдор жер алдындагы көңдөйдү табышкан. Топурак өтө борпоң болгондуктан, чоң диаметрдеги чуңкур калтырып урап түшкөн. Илимпоздор уулуу газдар чыгып кетпеши үчүн, ал жерди өрттөөнү  чечишкен. Геологдор өрт бир канча күндө өчөт деп ойлошкон, бирок өрт дээрлик 50 жылдан бери өчпөй күйүп турат.

Бүгүнкү күндө кратердеги жаратылыш газын күйгүзгөн өрт дагы деле өчө элек, ошол себептен жергиликтүү тургундар бул жерди “Тозоктун дарбазасы” деп аташат.

Каракум чөлүнүн ортосунда жайгашкан бул табышмактуу өрт жыл сайын жүздөгөн туристтерди өзүнө тартып, Түркмөнстандагы эң кооз жерлердин катарын толуктайт.

 

 

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, «Тозоктун дарбазасы»,

Жаңылыктар