Карасу–Кара-Суу кызматташтыгы

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаары Түркиянын Сакаря облусуна караштуу Карасу шаары менен бир тууган шаар болуп аталды.

23 Kasım 2020 13:59

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаары Түркиянын Сакаря облусуна караштуу Карасу шаары менен бир тууган шаар болуп аталды. Аталган шаарлардын кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюу аземи Түркиянын Карасу шарында өттү.

Учурда Карасу шаарында мэрдин милдетин аткарып жаткан Сабри Асланбай, Карасу жана Кара-Суу шаарларынын бир тууган шаар катары кызматташа башташы түрк дүйнөсү үчүн да манилүү экенин баса белгилеп, эки тарап экономикалык жана маданий багытта бир нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатканын билдирди.

Ал эми Кара-Суу шарынын мэри Лолобаев Адыл Манасович жаңы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга үмүт артты. Өз кезегинде учурда Ковид-19 илдети менен күрөшүп жаткан Карасу шаарынын мэри Исхак Сарынын тез сакайып кетишине тилектештигин билдирди.   

«Эки элдин тарыхый бекем байланыштары бар»

Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдигинин баш катчысы Фахри Солак Түркия менен Кыргызстан ортосунда тарыхый бекем байланыштар бар экенин баса белгилеп, буга мисал катары жер суу аттарынын окшоштугун көрсөттү. «Тарыхта ата-бабаларыбыз жер которгон учурда жер суу аттарын өздөрү менен кошо ала кетишкен. Мунун өзү эле эки эл ортосунда бекем байланыш бар экенин далилдейт. Аттары окшош эки шаарды «бир тууган шаар» деп атоо идеасы өткөн жылы пайда болгон.  Ал идеа бүгүнкү күнү ишке ашып отурат»,– деди ал. Өз кезегинде эки шаарга тең мындан аркы иштерине ийгилик калаады.

Кол коюу аземинен кийин Кара-Суу шаарынын мэри Адыл Лолобаев башында турган делегация Карасу районунун акими Ахмет Нажи Хелважы менен жолугушуу өткөрдү.

Жаңылыктар