Кашкай айымдарынын колунан жаралган салттуу килемдер

Көз жоосун алган уникалдуу Кашкай килемдери абасы салкын жайлоолордо токулат.

27 Nisan 2021 13:24

 

Кашкай түрктөрү жайкысын Ирандын салкын бийик тоолорунда, кышкысын түздүктөрдө күн өткөрүп, мал багып жашашат. Айтылуу Кашкай килемдери дал ушул салкын жайлоолордо токулат. Килемдер колго токулгандыктан ар бири өзүнчө көркөм, өз алдынча кооз, уникалдуу.

Кашкай айымдары килем токуу өнөрүн муундан муунга өткөрүп келишет

Колго килем токуу өнөрү Кашкай айымдары үчүн өтө манилүү. Андыктан уз айымдар бул өнөрдү туу тутуп, муундан муунга өткөрүп келишет. Алардын бири Геран Тахири. Ал килемдердин дизайнын өзү ойлоп таап, өзү токуйт. Килем токулчу жипти да өзү боёп, өзү даярдайт.

Анын айтымында көчмөн айымдардын бардыгы килем токуйт. Ар бир айым килем токуу өнөрүн келин, кыздарына үйрөтүүгө милдеттүү.

Бир килемди токуу 1 айдан 6 айга чейин созулат. Айымдар килемден сырткары жай намаздарды  да колго токушат.

Килем токуу- илгертен келе жаткан салт

Дагы бир уз айым Фатима Надири. Ал килем токуу өнөрүн энесинен жана чоң энесинен үйрөнгөн.

«Биз килемдерди уруубуздун каада-салтын сактоо үчүн токуйбуз. Маданиятыбыздын жок болуп кетишин каалабайбыз. Ошондуктан биз дагы балдарыбызга, неберелерибизге үйрөтөбүз. Килем токуу- илгертен келе жаткан салт»,-дейт Надири.

Anahtar Kelimeler: Кашкай, уз айымдар, килем токуу өнөрү,

Жаңылыктар