Кастеев атындагы музей  – Казакстандагы эң ири искусство музейи

Алматыда орун алган Абылхан Кастеев атындагы музей илим-изилдөө, маданият жана агартуу борбору катары милдет өтөйт

28 Mayıs 2022 22:21

Абылхан Кастеев казак элинин турмушун, руханий дүйнөсүн тааныткан алгачкы сүрөтчүлөрдүн бири. Анын ысымын алып жүргөн Казакстандагы эң ири искуство музейи 1976-жылы негизделген.

Абылхан Кастеев атындагы искусство музейинде казак элинин үрп-адатын, каада-салтын, тарыхын жана жаратылышын чагылдырган маанилүү эмгектер орун алган.

Тарыхы

1935-жылы Казак мамлекеттик сүрөт галереясы казакстандык жана чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектерин чогултуу иштерин баштаган.

1970-жылы Казакстандын прикладдык искусство музейи түзүлүп, ал, элдик прикладдык искусствонун буюмдарын чогултуу, сактоо жана жайылтуу иштерин жүргүзгөн.

1976-жылы Казак ССРнин Мемлекеттик искуство музейи негизделип, Казак мамлекеттик сүрөт галереясы менен Казакстандын прикладдык искусство музейинин коллекциялары бириктирилген.

1984-жылы музейге улуттук казак живопись мектебинин негиздөөчүсү, казак сүрөтчүсү Абылхан Кастеевдин ысымы ыйгарылган.

2014-жылы Искусство музейинин астында Кастеевдин үй-музейи ачылган.

Музейде казак сүрөтчүлөрүнүн эмгектери, скульптуралар, оймо-чиймелер, кийиздин, килемдердин түрлөрү, булгаарыдан жана жыгачтан жасалган буюмдардын кеңири коллекциясы орун алган. Ошондой эле Индия, Кытай, Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрөн көптөгөн эмгектерди көрүүгө болот.

Жаңылыктар