Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Түркиялык университет менен  кызматташат

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Османие Коркут Ата Университети (Түркия) өз ара кызматташуу протоколуна кол койду.

09 Temmuz 2021 13:02

Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун жана аны коштогон делегация Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине барды. Сапардын алкагында эки окуу жай ортосунда өз ара кызматташуу протоколуна жана студенттерди алмашуу боюнча «Мевлана» келишимине кол коюлду.

Кол коюу аземине Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун жана Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор Аскарбек Иманбаев катышты.

Келишимдин максаты – эки окуу жайдын окутуучуларын, изденүүчүлөрүн, изилдөөчүлөрүн, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий жана маданий байланыштарды чыңдоо.

«Жыл сайын академиялык алмашуу программалларынын негизинде биздин окуу жайда окуган студенттерди  Түркиянын башка облустарына, ал гана эмес чет өлкөлөргө жөнөтүп келебиз. Ошол эле программанын негизинде Түркиянын башка облустарынан жана чет өлкөлөрдөн  келген жаштар биздин окуу жайда билим алып, тажрыйба топтоп кетишет. Студенттерди алмашып окутуунун натыйжасында мамлекеттер оросундагы илимий жана маданий байланыш чыңдалаары шексиз. Биз бул келишим менен Кыргызстан жана Түркия ортосундагы илимий жана маданий байланышты чыңдагыбыз келет. Жаңы келишим эки мамлекет жана эки окуу жай үчүн жемиштүү болушун каалайм»,- деди Тургай Узун.

 

 

Anahtar Kelimeler: Османие Коркут Ата университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети,

Жаңылыктар