Касым Тыныстанов  ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү

Касым Тыныстанов  ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.

24 Haziran 2022 22:11

Касым Тыныстанов 10-сентябрь 1901-жылы, азыркы Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты кыштагында туулган.

Окуганды атасынан үйрөнгөн.

1916-жылдагы Үркүн окуясында эл менен Кытайга качууга аргасыз болгон.

Шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган.

«Эркин Тоо» гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген.

1927-1930-жылдары Кыргыз АССРнин эл агартуу комиссары. 1928-жылында «Жаңы маданият жолунда» журналды уюштурууга катышып 1931-жылы чейин анын жооптуу редактору болгон.

1930-1937-жылдары ― Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, мүдүрдүн милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.

1938-жылы куугунтуктар учурунда «эл душманы» деген наамга коюлуп, 4-август 1937-жылы атылып өлтүрүлгөн.

1957-жылы акталган.

Кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таануудагы ишмердүүлүгү

Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири.

Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан.

Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

«Баку калаасында өткөн тγркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып, ал курултайда ѳзγ тγзгѳн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.

«Окуу китебин» тγзγп, «Чондор γчγн алиппе», «Эне тилибиз», «Социалдык-экономикалык сѳздγк», «Кыргыз тилинин морфологиясын» жана «Кыргыз тилинин синтаксисин» жараткан.

Ошондой эле «Эне тили», «Жаны айыл», «Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору», «Жаны алфавит тγзγγнγн жаны принциптери», «Биздин тил» ж.б. макала , эмгектерин жазган.

Ал адабият тармагына да олуттуу салым кокшон. Казакча, кийин кыргызча жазган ырлары  газета-журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн

Касым - туңгуч көркөм котормочу болгон.

Жаңылыктар