Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын элине кайрылуу жасады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстан Республикасынын элине кайрылуу жасады.

05 Ocak 2022 20:24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январдын кечинде Казакстан Республикасынын элине кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы Эмнеси болсо да борбордо болоорун айтты.

«Сүйүктүү шаарыбызда укук коргоо кызматкерлерине массалык кол салуулар болуп жатат, алардын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар», - деди ал.

Күч түзүмдөрүнүн арасында каза болгондор жана жабыркагандар бар экенин айтып, демонстранттар «бандиттерден куралганын» белгиледи.

Токаевдин айтымында, митингчилер аскерлерди сабап, кыйнап, аялдарды куугунтуктап, дүкөндөрдү тоноодо. Бул абал Алматылыктардын коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Ушундай эле абал башка шаарларда да болуп жатат.

Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда бүгүнтөн тарта Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматына киришээрин билдирди. Ал кайрылуусунда тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөөрүн эскертти.

Токаев ошол эле учурда демонстрациялар финансалык колдоо менен кутумчулар тарабынан кылдат даярдалган пландалганын эске салды. Элди этият болууга, ичтен жана сырттан келген провокацияларга алдырбоого чакырды. «Президент катары, Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары бүгүнтөн баштап мүмкүн болушунча катуу кийлигишүүгө ниеттенип жатам. Сөз, мага кайрылган, өз өмүрүн, үй-бүлөсүн коргоону талап кылган жарандарыбыздын коопсуздугу тууралуу болуп жатат. Сөз өлкөбүздүн коопсуздугу жөнүндө болуп жатат»,- деди ал.

Токаев элдин колдоосуна ишенээрин айтып, эмнеси болсо да Нур-Султанда болоорун баса белгиледи.

«Эл менен бирге болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул кара тилкени бирге жеңип чыгабыз»,- деди  мамлекет башчысы.

Казакстандагы абал

2-январда Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган мунай газына болгон баанын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Көп өтпөй нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн эң ири шаары болгон Алматыда демонстранттар күч органдары менен кагылышып, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.

Өлкөдөгү кырдаалдан улам Нур-Султан, Маңгыстау жана Алматыда өзгөчө абал жарыяланган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Касым Жоомарт Токаев,

Жаңылыктар