Казак элдик бийлери жаратылыш менен айкалышып турат

Казактардын элдик бийлери курчаган жаратылыш чөйрөгө, чарбачылыгына, ой-санаа, көксөөлөрүнө айкалышып, салттуу кыймыл менен коштолот.

05 Mayıs 2022 16:42

Казак элдик бийлери маңыздуу хореографиясы, таасирдүү музыкасы түркүн түстүү костюмдары менен  айкалашып, сахна искусствосунун маанилүү бөлүгү болуп  эсептелет.

Казактын элдик бийлери адамдын жаратылыш менен болгон мамилеси, элдин күнүмдүк турмушу менен айкалашып, улуу талаанын элинин үрп-адаттарын, салттарын ичине камтыйт.

Быйыл 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бий чебери Проф. докт. Тойган Изим 27 жылдык сахналык тажрыйбасын борбор калаа Нур- Султандагы Улуттук хореография академиясында жаштар менен бөлүшүүдө. Ошол эле учурда академиянын алдында түзүлгөн Казак эл бийлери лабораториясында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ошондой эле бий өнөрүн илимий жана философиялык алкактарда изилдөө, анализ жүргүзүү, тиешелүү материалдарды чогултуу жана даңазалоо менен алектенет.

Тойган Изимдин айтымында казак элдик бийлеринин 50гө жакын түрү бар. Алардын ичинен 10 бий байыркыдан калган мурас.

Ал эми казактын элдик бийлерин биринчи жолу 1934-жылы Сара Жиенкулова профессионалдык деңгээлде аткарган.

Казактын элдик бийлери маанисине жараша жеке, жуп же команда менен аткарылат.

Кылымдар бою жаратылыштын койнунда жашап келген коомдун салттары элдик бийлерде кеңири чагылдырылган.

Ал эми эл оозунда сакталып калган жомоктордо жана уламыштарда элдик бийлер туралуу маалыматтар бар.

«Казак элдик бийлеринде кол кыймылы абдан маанилүү»

15 жылдан бери элдик бийлер менен алектенип келген Индира Габдрахманованын айтымында казак элдик бийлеринде кол кыймылы абдан маанилүү. Айрыкча кыздардын колдору ийкемдүү болушу керек. Ошондой эле мимика, кол жана буттун айкалышы маанилүү.

Ал баса белгилегендей казактардын элдик бийлери курчаган жаратылыш чөйрөгө, чарбачылыгына, ой-санаа, көксөөлөрүнө айкалышып, салттуу кыймыл менен коштолот. Ар бир кыймылдын белгилүү бир аталышы жана мааниси бар.

Жаңылыктар